Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АДАМДЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК-УКУКТУК СТАТУСУ – конституцияда кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин, ошондой эле аныкталган милдеттердин жыйындысы. Заманбап демократиялык мамлекеттерде А. к. у. с-нун негизги принциптери: ага таандык укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашырууда адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин ажырагыстыгы, укуктардын жана эркиндиктердин кепилдениши, тең укуктуулук, адамдын укуктарынын, эркиндиктеринин жана милдеттеринин бирдиги жана өзара байланыштуулугу.